24.kg
15:03, 20 ноября 2024, 24.kg

Троллейбустарды жоюу. Сот Бишкек шаардык кеңешине айып пул салды

Административдик сотто Бишкек шаардык кеңешинин троллейбустарды өткөрүү боюнча токтомун жокко чыгаруу боюнча соттук отурум өттү. Бул тууралуу 24.kg басылмасына БишкекСмог демилгеси билдирди.

Шаардык кеңеш суралган отурумдардын протоколдорун жана башка кээ бир документтерди сотко берген эмес. Кошумчалай кетсек, сот процессине БШКнын өкүлдөрү келген жок. Сот бул аракеттерди сыйлабастык жана талаптарды аткарбоо катары баалап, шаардык кеңешке 7 миң сом айып салган.

Кийинки соттук отурум 11-декабрда болот.

Эскерте кетсек, буга чейин муниципалитет 100 троллейбусту Ошко өткөрүүнү сунуштап, Бишкек шаарында байланыш түйүндөрүн демонтаждап баштаганы айрым жарандарды тынчсыздандырган. 29-августтагы сессияда БШКнын депутаттары техникаларды өткөрүп берүүнү жактырышты. Түштүк борборго алгачкы троллейбустар жеткирилген. Бишкектин тургундары троллейбустарды өткөрүү боюнча шаардык кеңештин чечимине нааразы болуп сотко кайрылышкан. Алар бул чечим No1191-VI троллейбустарды сатып алуу боюнча кредиттик келишим боюнча мыйзамга каршы келет жана көптөгөн мыйзам бузуулар менен кабыл алынган деп эсептешет.

Бишкек Ошко 100, Нарынга 6, Баткенге 10 троллейбус белек кылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18