Бишкектеги соода борборлорунун биринде өрт чыкты. 150 адам эвакуацияланды
VEFA Center соода борборунда өрт чыкты. 150дөй адам эвакуацияланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, өрт үчүнчү кабаттагы «Оз Хузур Сукурет» кафесинде чыккан. Саат 10:17де өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүүчү бригада жана бир тепкич тартылган.
Өрт саат 10.52де толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты 15 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар болгон жок.