24.kg
09:51, 20 ноября 2024, 24.kg

Бишкек мэриясында бир катар мекеме-ишканалардын директорлору алмашты

Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеке турак-жай куруу жана шаар куруу департаментинин директору Койчугул Ибраимов жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Уран Мусаев жеке турак жай куруу жана шаар куруу департаментинин директору болуп дайындалды. Буга чейин ал мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору кызматын аркалап келген.

Алия Койчукеева Бишкектин Ленин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Бакыт Шеримбеков Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору болуп дайындалды. Буга чейин ал Бишкектин сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттигинин директору кызматын аркалап келген.

Арсен Кыдыралиев Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Билимбек уулу Адилет Бишкектин сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Буга чейин ал «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасынын директору кызматын аркалап келген.

Депутат Адилет Абылбеков «Бишкекзеленстрой» ишканасынын директору болуп дайындалды. Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдук иштери бөлүмүнүн чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18