24.kg
17:14, 18 ноября 2024, 24.kg

Кыргызстан -Иран беттеши. Бишкектин борборунда унаа кыймылына чектөө киргизилет

Кыргызстан менен Ирандын курама командаларынын футболдук беттешине байланыштуу Бишкектин борбору унаалар үчүн жабык болот. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо раундунун алтынчы турунда эки команданын беттеши 19-ноябрда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 18.00дө болот.

Саат 14.00дөн баштап спорттук иш-чара аяктаганга чейин жолдордун төмөнкү тилкелери жабылат:

— Фрунзе көчөсү Тоголока Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;

— Тоголока Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана альтернативдүү жолдорун алдын ала пландаштырууну суранат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18