24.kg
15:49, 18 ноября 2024, 24.kg

Акылбек Жапаров: «Кыялдар орундаларын илбирстин тайманбастыгы менен көрсөтөбүз»

Президенттик аппараттын жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2030-жылга чейин Кыргызстан жөн эле башкаларга үлгү болбостон, илбирстин тайманбастыгы менен иш кылсаңар кыялдар ишке ашарын бүт дүйнөгө көрсөтөрүнө чын жүрөктөн ишенерин билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Илбирстин тайманбастыгы менен кадам таштасак, 2030-жылга чейин өлкөбүз башкаларга үлгү гана болбостон, кыялдар ишке ашаарын бүт дүйнөгө көрсөтөбүз деп терең ишенем. Министрлер Кабинети аткарган иштерге көптөгөн жылуу сөздөр жана оң пикирлер айтылды, бул биздин биргелешкен ишибизге бекем колдоо жана урматтоодон кабар берет. Биз муну менен эле токтоп калбайбыз. Иштин ыргагын түшүрбөшүбүз керек, алдыда бизди Элдик Курултай жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин отчеттук жыйыны күтүүдө», — деди А. Жапаров.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөдөгү экономикалык өсүш — 2021-жылдан бери тез жана туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын, ИДПнын орточо өсүү темпи 9%ды түзөрүн билдирди.

Экинчиден, мамлекеттик саясаттын курсун коомдук колдоо — IRI изилдөөлөрү жарандардын мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө ишеним жана колдоо деңгээлинин жогорулагандыгын тастыктайт: 2021-жылы мамлекеттик колдоо 69% түздү; 2022-жылы — 76%; 2023-жылы 82% жеткен.

 Үчүнчүдөн, жарандардын кайрылууларынын санынын азайышы — экономиканын өсүшүнүн жана калктын колдоосунун өсүшүнүн фонунда, жарандардын мамлекет башчысына жана Министрлер Кабинетине кайрылууларынын санынын азайышы белгиленген: 2021-жылы 22,5 миң жарандан кайрылуулар кабыл алынды; 2022-жылы — 19,9 миң кайрылуу; 2023-жылы — 18,7 миң; 2024-жылдын 10 айында кайрылуулар 16,7 миңди түздү.

«Биз бул көрсөткүчтөр жүргүзүлүп жаткан саясат реалдуу натыйжаларды берип, экономиканын өсүшүнө, элдин бийликке болгон ишенимин бекемдеп, социалдык чыңалууну басаңдатып жатканын тастыктайт деп ишенебиз. Жарандар менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүнү улантуу маанилүү. Эл кайрылган маселелердин көбү жер-жерлерде чечилет жана чечилүүгө тийиш. Мамлекет ар дайым колдоого, жардам берүүгө даяр ишенимдүү таяныч экенин эл билип, сезиши керек», — деди МинКаб башчысы.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18