24.kg
16:06, 18 ноября 2024, 24.kg

«ЭЛСОМ ​​KICB» мобилдик тиркемеси менен бириккендигин жарыялайт

«ЭЛСОМ» ​​электрондук капчыгы өзүнүн платформасын модернизациялоо процессин баштап, кардарларына заманбап онлайн каржылык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууда.

2014-жылдын июнь айынан бери банк секторунда электрондук капчыктардын флагманы болуп келген «ЭЛСОМ» ​​10 жылдан бери кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Төмөнкү заманбап финансылык кызматтарды кардарларга жеткиликтүү кылуу үчүн жана көрсөтүлүүчү кызматтардын тармагын кеңейтүү максатында «ЭЛСОМ ​​KICB» мобилдик тиркемеси менен бириккендигин жарыялайт: чет өлкөлүк валютада которуулар (SWIFT), онлайн насыяларды алуу жана Visa, Masterсard банктык карталарын онлайн уруксаттама аркылуу берүү.

«ЭЛСОМ» ​​электрондук капчыгында жеткиликтүү болгон бардык операциялар KICB мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болот: кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө, анын ичинде коммуналдык кызматтарды төлөө жана товарларды сатып алуу, акча каражаттарын башка капчыктарга жана карталарга которуу, кредиттерди төлөө, ошондой эле акча каражаттарын накталай алуу. KICB мобилдик тиркемеси менен биригүү 2024-жылдын 18-ноябрында башталды жана «ЭЛСОМдо» жаңы колдонуучулар каттала алышпайт. 2025-жылдын 18-февралынан тартып «ЭЛСОМ» тиркемеси жүктөп алуу жана транзакцияларды жүргүзүү үчүн жеткиликсиз болот.

«ЭЛСОМ ​​электрондук капчыгы өзүнүн 10 жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде толук кандуу банктык тиркемеге айланганына жана кардарларга алыскы аралыкта банктык кызматтардын кеңири спектрин колдонууга мүмкүнчүлүк берип, KICB мобилдик тиркемесинде ишин уланта берери менен сыймыктанабыз», — деп белгилешти KICB Башкармалыгынын мүчөлөрү.

Шилтеме:

«ЭЛСОМ» ​​электрондук капчыгы 2014-жылдын июнь айында ишке киргизилген. ЭЛСОМ ​​электрондук капчыгы — бул мобилдик аппараттын номери менен көрсөтүлгөн виртуалдык эсеп, ал төлөмдөрдү жүргүзүүгө, инвестициялоого, башка капчыкты толуктоого жана электрондук түрдө акча алууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкы (KICB) ЖАК 2001-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы — 23 млн. АКШ доллары. Банктын республика боюнча 55 бөлүмү бар, алар банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18