24.kg
14:21, 18 ноября 2024, 24.kg

Эртең Бишкекте Кыргызстан менен Ирандын курамалары беттешет

Эртең, 19-ноябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши өтөт.

Оюн саат 20:00до башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадиондун эшиги саат 18:00дон баштап ачык болуп, шоу-программа орун алат. Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.

Аталган беттешке билеттер азыркы убакытта kassir.kg, сайтында жана билет операторунун сатуу түйүндөрүндө жеткиликтүү.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Учурда Бишкекке Ирандын футбол боюнча курамасы келди.

Маалыматка ылайык, спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алышты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18