24.kg
13:42, 18 ноября 2024, 24.kg

Сейрек кездешүүчү металдардын дүйнөлүк өндүрүшү 5 жылдын ичинде 2 эсеге көбөйөт

Сейрек кездешүүчү металлдардын дүйнөлүк өндүрүшү келерки беш жылдын ичинде өсүп жаткан дүйнөлүк суроо-талапты канааттандыруу үчүн эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу Кыргызстандын жаратылыш ресурстары министринин орун басары Нарынбек Сатыбалдиев билдирди.

Жыл сайын дүйнөдө 125 миң тоннага жакын сейрек кездешүүчү элементтер казылып алынат, бирок бул стратегиялык ресурстарга суроо-талап тездик менен өсүп жатат.

Нарынбек Сатыбалдиевдин айтымында, Кыргызстандын тоо-кен тармагы кирешелүү болушу үчүн геологиялык чалгындоо иштерине чоң инвестиция салуу зарыл. Геологиялык чөйрөнү өнүктүрүүгө өткен жылы Министрлер Кабинети 1 миллиард сом белуп берди. Президенттин металлдарды жана сейрек кездешүүчү элементтерди казып алууну өнүктүрүү жөнүндөгү жарлыгы кошумча түрткү болду.

Мунун аркасында эки долбоор улуттук артыкчылыктардын тизмесине киргизилген — Кызыл-Омпол жана Кутессай II. Анын айтымында, Кутессай II кени уникалдуу курамга ээ: ал жерден 17 негизги сейрек кездешүүчү элементтер менен бирге 5 кошумча минералдар табылган.

Ал кошумчалагандай, жашыл технологияларга өтүү жана санариптик трансформация менен сейрек кездешүүчү металлдарга суроо-талап өсүүдө. Жакынкы жылдарда өндүрүштүн көлөмү дүйнөлүк рыноктун керектөөлөрүн канааттандырбай калышы мүмкүн. Бул Кыргызстанды бул материалдарды жеткирүү чынжырынын келечектүү катышуучусу кылат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18