24.kg
11:13, 18 ноября 2024, 24.kg

Көрүнүктүү сүрөтчү Абдырай Осмонов дүйнөдөн кайтты

Көрүнүктүү сүрөтчү, педагог жана маданий ишмер Абдырай Осмоновдун дүйнөдөн кайтты. Анын кыргыз сүрөт өнөрүнө кошкон салымы эч качан унутулбайт.

Photo 353691

Абдырай Осмонов 1939-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Шалба айылында төрөлгөн. Жаштайынан эле анын таланты жана искусствого болгон умтулуусу байкалган. Туулган жеринин ажайып кооз жаратылышынан шыктанган жаш Абдырай сүрөт тартууну өз алдынча үйрөнө баштаган. Агасынын колдоосу менен Фрунзе сүрөтчүлүк окуу жайына тапшырып, ошол жерден таланттуу жаштардын – кийинчерээк кыргыз искусствосунун жылдызына айланган Сүймөнкул Чокморов сыяктуу досторду тапкан.

Өзүнүн чыгармачылык жолун өркүндөтүү максатында Абдрай Осмонов Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы Сүрөт институтуна тапшырган. Бул атактуу окуу жайда Борис Иогансон сыяктуу залкар устаттардын жетекчилиги астында окуп, өзүнүн дүйнө таанымын жана чыгармачылык чеберчилигин арттырган. Анын дипломдук эмгеги – “Мелодия” аттуу чыгармасы, өзү басып өткөн жолун жана маданиятыбызга болгон терең урматын чагылдырып, кыргыз элинин салттарын сүрөттөгөн.

Мекенине кайтып келгенден кийин Абдырай Осмонов Фрунзе сүрөтчүлүк окуу жайында сабак берип, кыргыз сүрөтчүлүк мектебин калыптандырууга зор салым кошту. Ал окуткан жүздөгөн студенттер анын эмгегине жана акылмандыгына күбө болуп, кыргыз искусствосунун өнүгүшүнө олуттуу үлүш кошту.

Абдырай Осмоновдун Кыргыз Республикасынын маданиятына кошкон салымы эбегейсиз чоң. Анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана чыгармачылыгын баалаган бардык адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 19-ноябрь күнү саат 11:00дө, Көк-Жар айылы, Айкөл шаарчасы, Чатыр-Көл көчөсү, 37 дарегинде өтөт. Абдырай Осмоновдун жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат.

24.kg редакциясы Абдырай Осмоновдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18