24.kg
10:13, 18 ноября 2024, 24.kg

ИИМ: Жергиликтүү кеңештерге шайлоо тынч, одоно мыйзам бузууларсыз өттү

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тынч, одоно мыйзам бузууларсыз өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Шайлоого байланыштуу Ички иштер министрлиги коопсуздукту камсыз кылууга, укук тартибин сактоого багытталган бардык чараларды көрдү.

Республиканын бардык аймактарындагы 2 443 шайлоо тилкелеринде 15 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн ушул учурда дагы улантышууда.

Ички иштер министринин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын жана башкармалыктарынын жетекчилери жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу жана жер-жерлердеги аймактык бөлүмдөрдүн ишин координациялоону камсыз кылуу максатында региондордо иш алып барышууда.

«Жергиликтүү кеңештерине шайлоо одоно бузулбастан өттү. Ички иштер органдары мамлекеттик органдар жана Борбордук шайлоо комиссиясы менен тыгыз иштешүүдө.

17-ноябрда саат 08:00дөн баштап саат 20:00гө чейин жалпы республика боюнча шайлоо мыйзам бузууларына байланыштуу 69 факт маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Жалпысынан республиканын аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Шайлоо тынч жана одоно укук бузуулары жок өттү», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18