24.kg
18:35, 15 ноября 2024, 24.kg

Аламүдүн районунда 101 миллион сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Аламүдүн районунун Октябрь айылында жайгашкан жалпы аянты 1 миң 236 гектар, сметалык баасы 101 миллион 843 миң сомду түзгөн бала бакчаны мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

2000-жылы Арбитраждык соттун чечими менен «Эдельвейс-Трикотаж» ААКсы кийин жоюлуп, банкрот деп табылганы аныкталган. Буга байланыштуу аталган бала бакча жанаша жайгашкан аймак менен Октябрь айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлгөн. Бирок, учурда бул социалдык объект жеке менчикте болуп, башка максатта (тигүү цехи катары өзгөртүлгөн) пайдаланылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2008-жылы социалдык инфраструктураны ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карабастан, бала бакча мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп, өндүрүш объектиси катары өзгөртүлгөнүн белгиледи.

«2024-жылдын 30-сентябрында мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнгөн менчик ээлери өз ыктыяры менен бала бакчаны Октябрь айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18