24.kg
17:20, 15 ноября 2024, 24.kg

Ажылык −2025: Муфтият зыяратчылар үчүн бирдиктүү форма тандады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2025-жылы ажылыкка бара турган зыяратчылар үчүн жилет тандап алды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак октябрь айында жарыяланып, жыйынтыгы 14-ноябрда чыгарылды. Белгиленгендей, тандоо учурунда сунушталган жилеттердин сапатына, курамына, баасына, ыңгайлуулугуна, дизайнына жана түсүнө өзгөчө көңүл бурулган.

Буга чейин муфтият ажылыкка катышуу үчүн РСК банкка 3 миң 258 адам 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң 200 сом өлчөмүндө алгачкы салым кошконун билдирген.

Сауд Арабиясы 2025-жылдагы ажылык сапарга Кыргыз Республикасынан баруучу зыяратчыларга 6 миң квота бөлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18