24.kg
14:52, 15 ноября 2024, 24.kg

Садыр Жапаров Ош районундагы Жаңы-Барак айылынын ачылышына катышты

Өзбекстандагы эксклавдан көчүп келгендер үчүн курулган Жаңы-Барак айылын президент Садыр Жапаров ачты. Ош облусунун өкүлчүлүгү мамлекет башчы менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусунан видеотасма тарткан.

Ачылыш аземде айыл аксакалдары 101 үйдүн курулушу үчүн Президент Садыр Жапаровго, Ош облустук ыйгарым өкүлүнө, акимге, эл өкүлдөрүнө жана башка жооптуу адамдарга ыраазычылыктарын билдиришти.

«Сиз кыргыз элинин тарыхын жаздыңыз. Биз жашаган айылдан кеткенибизге да ыраазы болдук. Биз курулган турак-жайга абдан ыраазыбыз», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Президент коңшу жерге көп кабаттуу үйлөр курулат деп жооп берди. Башталышы буга чейин эле берилген.

«Бул батирлерди үй албай калгандарга беребиз. Бирок 20-25 жылга ипотека аркылуу. Анткени, кээ бир үй-бүлөлөрдүн уулдуу келиндери бар. Турак жайлар 5-9 кабаттуу болот», — деди ал.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Барак эксклавынан жер которгондор үчүн жаңы айылдын курулушун баштаган.

Башкы планга ылайык, 38 гектар аянтка Жаңы-Барак жаңы айылы курула баштады. Башкы планда 164 жаранга турак жай куруу үчүн 8 сотых жер тилкесин берүү, 101 жаңы үй куруу, ошондой эле жаңы айылдын жашоочуларынын бойго жеткен балдарына жер тилкелерин бөлүп берүү каралган. Үйлөрдүн курулушу 31-августка чейин бүткөрүлмөкчү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18