24.kg
09:46, 15 ноября 2024, 24.kg

Дүйнө чемпиондугуна тандоо. Кыргыз курамасы Бириккен Араб Эмираттарына утулду

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын бешинчи раундунда БАЭ курамасына утулуп калды.

Биринчи таймда атаандаш кыргыз командасынын дарбазасына эки жолу гол киргизди. Ата мекендик футболчулар аракет кылып, бирок чабуулдарын ийгиликтүү жыйынтыктай алышкан жок. Негизги убакыттын акыркы мүнөтүндө атаандаштар үчүнчү голду киргизишти.

Беттеш 3:0 эсебинде БАЭ курамасынын пайдасына аяктады. Кыргыз курамасы төртүнчү жеңилүү ызасын тартты.

19-ноябрда биздин команда тайпанын лидери — Иран курамасы менен оюн талаасына чыгат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18