24.kg
17:31, 14 ноября 2024, 24.kg

УКМКнын Академиясы 2025-2026 окуу жылына курсанттарды кабыл алууну жарыялады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясы 2025-2026 окуу жылына курсанттарды кабыл алууну жарыялайт.

Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:

жашы 17-21 жашка чейин;

бою 170 см жогору;

салмагы кеминде 60 кг;

билими, орточо баллы 4,0 төмөн эмес (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель) толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплому;

өзү, анын ичинде жакын туугандары сот жообуна тартылбаган;

өзүнүн, анын ичинде жакын туугандарынын чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу.

Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер, тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:

дарыгерлердин күбөлөндүрүүсүнөн өтүү;

дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;

психофизиологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);

полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;

кирүү экзамендерин тапшыруу.

Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

Бишкек шаарынан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 322-үй, тел.: 0 (312) 66-04-75;

Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй, тел.: 0 (312) 54-07-19;

Ош шаары жана Ош облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;

Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;

Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;

Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;

Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;

Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0(3922) 5-11-80.

 

Атайын кызмат окууга документтерди кабыл алуу күнү жөнүндө кошумча маалымдай турганын белгилейт.

Кененирээк маалыматты www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.

 

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18