24.kg
13:33, 14 ноября 2024, 24.kg

Ысык-Көл соолуп баратат. Акылбек Жапаров көлдү сактап калуу чараларына токтолду

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көл жылдан жылга кургап баратканын айтып, бул көйгөйдү чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу өкмөт башчыдан сурады.

Акылбек Жапаров адистер тарабынан улуттук программа иштеп чыгууда деп жооп берди.

«Ысык-Көлгө Каркырадан суу келбейт, дыйкандар сууну булактардан пайдаланышат. Конференцияда Ысык-Көлдү сактоо боюнча өз көз карашыбызды айтабыз. Биз ал жакка дүйнөнүн төрт бурчунан окумуштууларды чакырабыз. Соолуган Аралдын тагдырын кайталабашыбыз керек», — деди ал.

Буга чейин экологиялык уюмдардын жана илимий борборлордун жетекчилери Ысык-Көлдүн мындан ары тайыздашына жол бербөө үчүн сууну үнөмдөп, сугаттын эффективдүү ыкмаларына өтүүгө чакырышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18