24.kg
13:27, 14 ноября 2024, 24.kg

Жапаров: «1-декабрга чейин мектеп директорлорунун бош орундарын толуктайбыз»

1-декабрга чейин мектеп жана бала бакчалардын директорлорунун бош орундарын толуктайбыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Чыңгыз Ажыбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде 400гө жакын жетекчи орундары бош турат. Талапкерлер татаал сынактан өтө албай жатышат.

«Мен бул маселе боюнча жыйын өткөрдүм. Бардык бош орундарды 1-декабрга чейин толуктайбыз. Баары түшүнүктүү болушу үчүн тесттерди жөнөкөйлөтүү боюнча тапшырма бердим», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, бала бакчанын башчысы кызматын акимдин орун басарлары жана башка мурдагы аткаминерлер ээлеп жатышат.

«Алар тамак-аш менен самын бекер болот дешет. Балдардын тамак-ашын жана башка нерселерди уурдоого жол бербешибиз керек. Биз абийирдүүлөрдү дайындайбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын июль айында президент Садыр Жапаров 5 жылдан ашык кызматта иштеген бардык мектеп директорлорун кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койгон. 966 мектеп директорлорун алмаштырууга туура келди. Документке ылайык, билим берүү мекемелеринин жетекчилери сынактын жыйынтыгы менен беш жылда бир жолу дайындалат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18