24.kg
13:10, 14 ноября 2024, 24.kg

Камчыбек Ташиев: «Райымбек Матраимов мамлекетке 200 миллион доллар төлөгөн»

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөгөндүгүн, бул 17 миллиард сомго барабар экенин айтты.

Ал Райымбек Матраимов сегиз ай мурун кармалганын эске салды. Ага карата үч берене боюнча — мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, бейбаштык жана арам акчаны адалдоо боюнча кылмыш иши козголгон.

«200 миллион доллар 2 миллион доллар эмес. Бул кандай акча экенин бизнес менен алектенген депутаттар билет. Ал накталай эле эмес, мүлк менен да төлөгөн. Биз андан алган мүлктөр экспертизадан өттү, эксперттер бардыгына баа беришти», — деди Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында, Бишкекте күч кызматкерлери үчүн оорукана уюштурулуп жаткан 14 кабаттуу бизнес борбору Райымбек Матраимовдон алынган. Ал 53 миллион долларга бааланып, мамлекет 32 миллион долларга алган. Мындан тышкары, Ош шаарында «Ихлас» компаниясы менен биргеликте көп кабаттуу үйлөрдү курган. Бул батирлер 1 чарчы метри 1,2 миң доллардан алынып, 1,2-1,5 миң доллардан сатылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18