24.kg
17:13, 13 ноября 2024, 24.kg

Чүйдөгү дача тилкелериндеги үй ээлерине техникалык паспорт берилет

Чүй облусундагы дача тилкелерине курулган үйлөрдүн ээлерине техникалык паспорт берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Жер ресурстары кызматынын директору Асылбек Сатывалдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, багбанчылык чарбаларындагы шарттар эл жашаган аймактарга туура келбейт. Себеби көчөлөр тар жана социалдык объектилер жок.

«Бирок биз депутат Аманкан Кенжебаев жана дача тилкелеринин төрагалары менен бирдикте бир нече жолугушууларды өткөрдүк. Көпчүлүк дачаларды эл жашаган жерге айландырбай, балдарын мектепке, бала бакчага жайгаштырууга, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты. Ошондуктан биз парламенттин агрардык комитетинин мүчөлөрү менен биргеликте дача тилкелеринин тургундарына техникалык паспорт берүүнү чечтик. Алар бул документ менен Калкты тейлөө борборуна каттоодон өткөндөн кийин балдарын мектепке жана мектепке чейинки мекемелерге жайгаштыра алышат», — дейт Асылбек Сатывалдиев.

Буга чейин Аманкан Кенжебаев бийликтен Чүй облусунун Сокулук районундагы дача тилкелери боюнча саясий чечим кабыл алууну суранган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18