13:55, 13 ноября 2024, 24.kg

Натыйжа жок. ӨКМ Жумгал районунда ата-баланы издөө иштерин токтотту

Жумгал районунун Өрнөк айылында дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөнүн активдүү фазасы токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим издөө аракеттеринин натыйжасыздыгынан улам кабыл алынган. Бүгүн министрликтин өкүлдөрү дайынсыз жоголгондордун ата-энелери менен жолугушуп, мындан ары издөө иштери жумасына эки жолу жүргүзүлөрүн билдиришти.

Эскерте кетсек, 19-октябрда Жумгал районунда 49 жаштагы эркек киши менен 9 жаштагы бала 16-октябрда жайлоого мал жаюуга кетип, 19-октябрдан бери байланыша электиги тууралуу маалымат түшкөн. Апасы бийликтен уулу менен небересин табууга жардам берүүнү суранган. Президент Садыр Жапаров Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18