19:09, 12 ноября 2024, 24.kg

Башкы прокурордун мурдагы орун басары кылмыштуу топту каржылаган деп айыпталууда

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Адил уулу Кубан тергөө абагына киргизилди. Маалыматты 24.kg басылмасына Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2024-жылдын 30-апрелинде кол койгон жарлыкка ылайык, Адыл уулу Кубан башкы прокурордун орун басары кызматынан бошотулган.

«Биринчи Май райондук сотунун 12-ноябрдагы чечими менен ИИМдин тергөөчүсү С.С.нын өтүнүчү канааттандырылган. А. уулу К.га карата тергөөнүн мөөнөтүнө, башкача айтканда, 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган», — деп белгилейт сот.

Маалым болгондой, мурдагы чиновникке карата «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу», «Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо», «Кылмышка шериктеш болуу», «Кылмышка даярдануу» жана КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча иш козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18