18:33, 12 ноября 2024, 24.kg

Садыр Жапаров жубайы менен Бакуда өткөн БУУнун климат боюнча саммитине катышууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарындагы (Азербайжан Республикасы) Олимпиада стадионуна келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Саммиттин негизги темаларына парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча чараларды, климатты каржылоо маселелерин, энергетикадагы технологиялык инновацияларды, жаш муундарга билим берүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган жаштардын демилгелерин колдоо кирет.

Photo 352875

Иш-чарага 50 миңден ашык адам, анын ичинде 100дөн ашуун өлкөнүн лидерлери катышууда. Кыргызстандын президентин жана башка делегаттарды Азербайжандын башчысы Илхам Алиев жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты. Садыр Жапаровду жубайы Айгүл Жапарова коштоп жүрөт.

Photo 352876

Саламдашуу аземинен жана топтук сүрөттөрдөн кийин дүйнө лидерлери Дүйнөлүк лидерлердин Климат аракеттери боюнча саммитин ачуу үчүн жыйындар залына киришти.

Photo 352874

Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги сегментте улуттук билдирүү жасап, анда климаттык күн тартибинин негизги маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын көз карашын көрсөтөт. Мамлекет башчысынын мындай олуттуу эл аралык платформага катышуусу өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгелерге берилгендигин тастыктайт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18