13:15, 12 ноября 2024, 24.kg

Кыргызстандын ИДПсы 2024-жылдын 10 айында 1 триллион сомдон ашты

2024-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,6 пайыз өсүү темпи менен 1,08 триллион сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш секторлору, тейлөө чөйрөсү жана продукцияга салыктар менен камсыз болгон. 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу товар өндүрүү тармагында өсүү темпи 10,8 пайызды, кызмат көрсөтүүдө 8,3 пайызды, таза продукцияга салыктар 11,3 пайызды түздү.

ИДПнын эң чоң үлүшү (49 пайыздан ашык) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка аз. Мында товардык өнөр жайынын салыштырма салмагы 1,3 пайызга жогорулап, 34 пайызга жакынды түздү. Товардык өндүрүштүн ичинде курулушта (1,6 пайыздык пунктка) жана өнөр жайда (0,7 пайыздык пунктка) өсүш белгиленген. Ал эми айыл чарбасынын үлүшү 1 пайыздык пунктка кыскарган.

Эске сала кетсек, Экономика министрлиги 2024-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 1 триллион 410 миллиард сомдон ашат деп болжолдогон. Белгилей кетсек, былтыр ноябрь айынын аягында гана ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомдон ашкан.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18