11:57, 12 ноября 2024, 24.kg

Ошко жаңы аэропорт куруу планда жок экендиги айтылды

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов Ош шаарындагы жаңы аэропорттун курулушун качан баштай тургандыктарын сурады.

«ММКда курулуш башталат деген маалымат тарады. Президент аэропорттун курулушу пландалып жаткан жерге барды. Бирок курулуш иштери баштала элек», — деди депутат.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов жакынкы аралыкта курулуш пландала электигине жооп берди.

«Кантип? Жыйындардын биринде эмне үчүн Ош аэропортун жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлбөй жатканын сураганыбызда, аэропортту өткөрүп берүүнү пландап жатышканын айтышты. Жадакалса жер бөлүп беришкен. Бирок азыр алар курууга болгон көз караштарын өзгөртүштү», — дейт Улугбек Ормонов.

Ал белгилегендей, Ош аэропорту Бишкектеги «Манас» аэропортуна караганда көбүрөөк киреше алып келет, бирок аны өнүктүрүүгө эч кандай каражат жумшалбайт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18