11:12, 12 ноября 2024, 24.kg

Улуттук гвардияда болгон окуя. Чоо-жайы белгилүү болду

КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн жанында болгон окуянын катышуучулары жубайлар болгон. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында окуянын катышуучулары жубайлар экени аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгында тиешелүү юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда Улуттук гвардиянын көзөмөл-өткөрмө бекетинен аялды сүйрөп чыгып кеткен видео тараган. Видеодо эркек киши Улуттук гвардиядан аялды күч менен сүйрөп чыкканын көрүүгө болот.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18