10:31, 12 ноября 2024, 24.kg

Соцтармакта жалган жалаа үчүн айыппулду 20 миң сомго чейин кыскартуу сунушталды

Социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында мазактоо жана жалаа үчүн айып пулду жеке жактарга 20 миң сомго, юридикалык жактарга 65 миң сомго чейин кыскартуу сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде депутаттар бул мыйзам долбоорун экинчи окууда карашы керек болчу, бирок бул маселе күн тартибинен чыгарылды.

«Чечим долбоорунда айып пулду 20 миң сомго чейин азайтуу сунушталган. Бул да аз сумма эмес. 1 миң сомго чейин түшүрүүнү экинчи окууга сунуштадым. Анткени максат адамды жакыр кылуу эмес, жазалоо. Мен бул мыйзам долбооруна каршымын, бирок ортоңку жолду табууга аракет кылдым», — дейт Дастан Бекешев.

Ал ошондой эле экинчи окууда мыйзамды ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды Маданият министрлигине эмес, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү. Ал эми Ички иштер министрлигине иштерди сотко өткөрүү сунушталып жатканын белгиледи.

«Бул өтүп кетеби же жокпу билбейм. көрөлү. Бул дагы долбоордо», — деди Дастан Бекешев.

Эскерте кетсек, алар Мыйзам бузуулар жөнүндө кодексти жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте жалаа жабуу жана кемсинтүү боюнча берене менен толуктоону каалап жатышат. Кошумчаларга ылайык, жалган жалаа, кемсинтүүлөр үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат.

Президент Садыр Жапаров мазактоо үчүн айып пул салуу керек деп эсептейт.

23-октябрда Жогорку Кеңеш Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда жактырды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18