20:25, 11 ноября 2024, 24.kg

Маданият министри орус шоусунун катышуучусу Бегимай Турусбекованы кабыл алды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Россиянын «Пятница» телеканалынын «Царица» вокалдык шоусуна катышып жаткан таланттуу ырчы Бегимай Турусбекова менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга телеканалдын тартуу тобунун өкүлдөрү да катышты. Алтынбек Максүтов Бегимай Турусбекованы эл аралык аренадагы ийгилиги менен куттуктап, Кыргызстанды таанытууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал улуттук өнөрдү жайылтуу жана кыргызстандык жаштарды шыктандыруу үчүн мындай чыгармалардын маанилүү экендигин белгиледи.

Photo 352718

Бегимай Турусбекова министрликке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорго катышуу тажрыйбасын жана көп сандаган аудиториянын алдында кыргызстандын атын чыгарып жатканынынын маанилүүгүн белгиледи.

Эске сала кетсек, орусиялык режиссёр Елена Погребижская Бишкектеги сейил бактардын бириндеги спектаклинен кийин атактуу болгон Бегимай Турусбекова тууралуу тасма тарткан. Белгилүү журналисттин жаңы эмгеги анын YouTube каналына жайгаштырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18