20:06, 11 ноября 2024, 24.kg

«Ак шумкарларды» колдойбуз! 19-ноябрда Кыргыз курамасы Иран менен беттешет

19-ноябрда борбор калаанын башкы спорттук аренасы — Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын 3-турунун алкагында тайпадагы эң күчтүү атаандаштардын бири болгон Иран менен беттешет. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Беттеш 20.00дө башталат. Стадионго кирүү саат 18.00дөн баштап көрүүчүлөр үчүн ачык болот. Күйөрмандар үчүн ар кандай иш-чаралар уюштурулат: семплинг, фудкорт, диджейлердин аткаруусу, белектер менен сынактар. Беттешке билеттерди kassir.kg сайтынан, ошондой эле билет операторунун сатуу пункттарынан сатып алса болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпиондугуна тандоонун 3-туруна катышууда.

Бул турда 18 курама команда 6 командадан 3 тайпага бөлүнгөн. Беттештердин жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эки мыкты команда дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат. Үчүнчү жана төртүнчү орундарды ээлеген командалар төртүнчү турда беттешин улантып, дүйнөлүк чемпионаттын дагы эки катышуучусу аныкталат. Ошондой эле, бир орун континенттер аралык плей-офф аркылуу алууга болот.

Биздин команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын командалары дагы ойногон А тайпасында.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18