19:47, 11 ноября 2024, 24.kg

Кветта шаарындагы теракт. Садыр Жапаров Пакистан элине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардариге жана премьер-министри Шахбаз Шарифке Кветта шаарындагы темир жол вокзалында болгон терактка байланыштуу көңүл айтты.

«Пакистандын Кветта шаарында террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош Пакистан элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм», — деп айтылат телеграммада.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18