Бишкекте куралчан чет элдиктер бир адамдан 4,5 млн рубль акчасын тоноп кетишкен
Бишкекте укук коргоо кызматкерлери тарабынан куралдуу тоноочулук кылган эки чет элдик кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-октябрда Бишкектин борборунда эки адам тапанча менен А.Э аттуу жаранга кол салышкан жана андан 4,5 миллион рубль алып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Каракчылык» беренеси боюнча иш козголгон.