16:32, 11 ноября 2024, 24.kg

Садыр Жапаров Сауд фондуна мамлекеттик ипотеканы каржылоону көбөйтүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Сауд Аравиясына жумушчу сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдуррахман Аль-Маршад менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Фонддун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, учурдагы программаларды тездетип аяктоо жана экономика менен социалдык чөйрөдөгү кызматташтыктын жаңы этаптарын баштоо үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Photo 352692

Президент мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад Фонд кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантуу ниетин ырастады. Ал Фонд учурдагы долбоорлорду ишке ашырууга катышуу жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Бул контекстте Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мамлекеттик мектептин курулушуна 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүүнү карап чыгары белгиленген.

Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров Султан Абдурахман Аль-Маршадды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18