17:10, 06 ноября 2024, 24.kg

Садыр Жапаров Дональд Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Улуу Мартабалуу, Сизди Америка Кошмо Штаттарынын Президенти болуп шайланышыӊыз менен чын дилимден куттуктайм. Сиздин лидерлик тажрыйбаӊыз жана терең билимиӊиз Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өз ара урматтоо принциптерине негизделген ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем. Биздин элдерибиздин байгерчилиги жана келечеги үчүн биргелешкен ишибиз менен алдыда турган глобалдык чакырыктарды ийгиликтүү жеңип, өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге көтөрө алабыз деп ишеним артам.

Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өз тарабымдан бардык күч-аракетимди жумшай турганымды билдирем.

Сизге бекем ден соолук, мамлекеттик ишиңизге албан ийгиликтерди, ал эми Америка Кошмо Штаттарынын элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18