16:28, 06 ноября 2024, 24.kg

ТМУнун XI саммити аяктап, жыйынтыгында сегиз документке кол коюлду

Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин XI жыйыны аяктады.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп, жыйынтыгында Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтер кабыл алынды:

  1. Түрк мамлекеттер уюмунун 11-Саммитинин Бишкек декларациясы;
  2. Туруктуу келечек үчүн биримдик Түрк жашыл көз карашын кабыл алуу чечими;
  3. 2025-жылы Бишкек шаарын Түрк мамлекеттер уюмунун Санариптик борбору деп жарыялоо жөнүндө чечим;
  4. Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды сыйлоо чечими;
  5. Түрк дүйнөсүнүн Уставын кабыл алуу чечими;
  6. Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
  7. Түрк мамлекеттер уюмунун Туруктуу өкүлдөрү жөнүндө Жобону кабыл алуу жөнүндө чечим;
  8. Түрк мамлекеттер уюмунун желегин кабыл алуу жөнүндө чечим.

Ошону менен бирге Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу;

Санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими;

Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандум;

ТМУнун Жерди байкоочу технологиялык спутнигин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

ТМУнун Чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18