16:07, 06 ноября 2024, 24.kg

ТМУ саммити. Садыр Жапаров түрк элдеринин китепканасын түзүүнү сунуштады

Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынында президент Садыр Жапаров жалпы маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу үчүн түрк элдеринин китепканасын түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, бул долбоор түрк дүйнөсүнүн биримдигинин символу жана маданий алмашуу аянтчасы болуп калат.

«Биздин дагы бир артыкчылыктуу багытыбыз – маданий-гуманитардык жаатында кызматташуу саналат. Жалпы маданий мурасыбызды сактоо жана жайылтуу максатында Түрк тилдүү элдердин китепканасын түзүүнү сунуштайм. Бул долбоор Түрк дүйнөсүнүн биримдигинин символу жана маданий алмашуу платформасы болмокчу. Түрк тилдүү элдердин китепканасы элдерибиздин биримдик сезимдерин ойготуп, өз ара маданий жактан байытып, байланыштарын чыңдоо үчүн жакшы түрткү болот деп ишенем. Түрк мамлекеттер уюмунун колдоосу менен бул долбоор маданий кызматташуу үчүн бекем пайдубал түптөп берип, билим берүү жана маданий иш-чаралар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы. Түрк институттары тарабынан мамлекеттер аралык жана улуттук деңгээлде көптөгөн долбоорлор жана иш-чаралар ишке ашырылууда. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бишкек шаарындагы Алыкул Осмоновдун үй-музейин реставрациялоо жана музейлештирүү боюнча долбоорду ишке ашыргандыгы үчүн Түрк маданияты жана мурасы фондуна терең ыраазычылык билдирем. Залкар акын, кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү Алыкул Осмоновдун үй-музейи борбор шаарыбыздын көркү болот деп ишенебиз», — деп билдирди Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18