15:04, 06 ноября 2024, 24.kg

Бишкекке Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик борбору макамы ыйгарылды

Бишкекке Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик борбору макамы ыйгарылды. Бул тууралуу Садыр Жапаров борбордо өтүп жаткан ТМУнын жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчы ТМУга катышуучуларынын өкмөттөрүнүн ортосунда электрондук коммерция, интеллектуалдык менчик, эмгек рыногунда, туризмде, айыл чарба тармагында жана билим берүү тармагында шарттарды түзүү боюнча макулдашууга кол коюуну колдой турганын белгиледи.

Президент ошондой эле тараптардын электрондук кол тамганы өз ара таануу механизмдерин иштеп чыгуу каалоосун колдой турганын кошумчалады.

Садыр Жапаров октябрь айында Бишкекте жасалма интеллект боюнча түрк мамлекеттеринин форуму өткөнүн эске салды.

«Мен Бишкек шаарына 2025-жылы УМУнын санариптик борбору макамын ыйгаруу демилгесин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирем», — деди Садыр Жапаров.

Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун саммити өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Түндүк Кипрдин президенттери жана Венгриянын премьер-министри катышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18