09:19, 06 ноября 2024, 24.kg

Төө-Ашууда кар жаап жатат. «Сосновка» постунда кайрадан чектөөлөр киргизилди.

Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» постунда кайрадан оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Photo 352169

Башкармалык № 9 ДЭБдин кызматкерлери кышкы дөңгөлөктөрү жок жүк ташуучу унааларды ашууга киргизбей жаткандыгын белгилейт. Транспорт министрлиги дагы бир жолу салмак жана габариттик нормаларды сактоого чакырат.

Азыр Төө-Ашуу, Өтмөк ашууларында кар жаап жатат. Айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөрү бар унааларды гана айдап, кардын чынжырларын тагынуу сунушталат.

«Сосновка, Чычкан жана Арал транспорттук көзөмөл постторунда унаалардын кышка даярдыгы текшерилүүдө. Кышкы шарттарга ылайыктуу даярдыгы жок унаалардын айдоочулары ашууларга киргизилбейт», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18