16:30, 05 ноября 2024, 24.kg

Үч айда 6,5 миллиард сомдон ашык киреше салыгы чогултулду

Салык кызматы 2024-жылдын августунан октябрына чейинки мезгилде 6 миллиард 536 миллион сом киреше салыгын чогултту. Бул көрсөткүчтөр салык салуу жана социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин жетишилди. Бул тууралуу аталган башкармалык билдирди.

Маалыматка ылайык, бул айлардагы киреше салыгы боюнча түшкөн каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: августта — 1,93 млрд сом, сентябрда — 2,3 млрд сом, октябрда — 2,29 млрд сом. Сентябрь жана октябрь айларында жыйымдар август айына салыштырмалуу 721,1 миллион сомго көбөйгөн.

Август-октябрь айларында отчеттордо көрсөтүлгөн жалданма жумушчулардын саны 37 миң 527 адамга өскөн. Мында эмгек акынын фондусу август айына салыштырганда октябрь айында 2,85 миллиард сомго көбөйгөн.

«Бул натыйжаларга Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыгуусун жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жетишилди. Камсыздандыруу төгүмдөрү мурунку 27,25 пайыздын ордуна 12,25 пайызды түздү», — деп белгилешти ведомстводон.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын август айынын аягында министрлер кабинети киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акыны аныктоонун жаңы тартибин бекиткен.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18