15:20, 05 ноября 2024, 24.kg

Нурланбек Шакиев: «Гимндин текстине ачык сынак өткөрөбүз»

Кыргызстанда мамлекеттик гимндин текстине сынак жарыяланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев маалымат жана басма сөз күнүнө карата ЖМК кызматкерлерин сыйлоо аземинде билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк мамлекеттик символду өзгөртүү темасын көтөргүсү келген, бирок ага эч ким батына албады.

«Мен муну сунуш кылдым. Кийинки жумада Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өткөрөбүз. Ачык, айкын сынак жарыялайбыз. Гимнде «Мен Кыргызстан үчүн, кыргыз элим үчүн, өлкө өнүксүн» деген сыяктуу сөздөр жетишпейт», — дейт Нурланбек Шакиев.

Ал ошондой эле мамлекеттик символду өзгөртүү демилгесин трагедия кылбоого чакырды.

«Кудай буюрса гимнди өзгөртөбүз. Муну мен эмес, кыргыз эли, Кыргыз Республикасынын чыгармачыл интеллигенциясы чечет», — деп кошумчалады төрага

Эске салсак, президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына мамлекеттик гимндин өзгөрүшү мүмкүн деп коомчулукту кооптонууга негиз жок экенин жазган. Ал белгилегендей, парламент төрагасы Нурланбек Шакиевдин билдирүүсүн анын жеке пикири катары гана кабыл алуу керек.

Бирок кийинчерээк мамлекет башчысы гимнди өзгөртүү маселеси боюнча комментарий берди. Ал Нурланбек Шакиевдин демилгесин колдоду. Садыр Жапаровдун айтымында, гимн актуалдуулугун жоготкондуктан аны өзгөртүү керек.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18