Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечти. Ал 58,9 миллион долларды түзөт
Президент Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын Түркияга болгон тышкы карызын кечти. Бул тууралуу 24.kg басылмасына өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Белгилей кетсек, Түркиянын лидери 4-6-ноябрь аралыгында Кыргыз Республикасында мамлекеттик сапар менен жүрөт. Түркия жашыл экономика долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын 58,9 миллион доллар тышкы карызын кечти.