11:34, 05 ноября 2024, 24.kg

Бишкекте чет элдиктер мушташа кетишти

Бишкекте чет элдик жарандардын ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап кеткен.

Кадрда бир нече чет элдиктер мушташып, алардын бири жерге кулап, таяк тийгенин көрүүгө болот. Жергиликтүү тургун чогулгандарды таратып жатат.

3-ноябрь күнү эртең менен борбор калаанын Свердлов районунда чет элдик жарандардын ортосунда мушташ чыкканын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 102 ыкчам номерине болжол менен саат 4.50дө билдирүү келип түшкөн. Милицияга 23 жаштагы эки чет элдик жаран жеткирилип, алардын бири экинчисине каршы арыз жазган.

Укук коргоо кызматкерлери бардык керектүү экспертизаларды дайындашкан. Учурда тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18