11:21, 05 ноября 2024, 24.kg

Сосновкада оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин начарлашынан улам саат 02:15тен тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Жеринде № 9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери жүргүзүлдү.

Ушундай эле кырдаал Өтмөктө орун алып, инерттик материалдар чачылды. Жол ачык, каттам бар.

Министрлик жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жасалма тыгын менен атайын техникалардын иштешине тоскоолдук жаратып жатканын айтууда.

Буга байланыштуу министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18