10:38, 05 ноября 2024, 24.kg

Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн туризм борбору деп жарыяланды

Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн туризм борбору деп жарыяланды. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Кубанычбек Өмүралиев «Бүгүнкү күндө саммиттин Кыргызстанда өтүп жатканы жана анын темасы эле Кыргызстандын жана мамлекет жетекчилеринин түрк дүйнөсүнө болгон көз карашын айгинелейт. Ошондой эле саммитте транспорт жана логистика тармагы, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жана туризм тармагы боюнча да иш алып барылат.

Эмки жылы Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн туризм борбору болуп жарыяланды. Бул эски Жибек жолунун алкагында кабыл алынды. Бул чечим жаратылыш же бүгүнкү өзгөрүүлөргө карата эмес, тарыхый жана диний жактан да маанилүүлүгү менен кабыл алынды. Себеби Жалал-Абад Өзбекстандагы Самарканд, Бухара шаарларынан кийинки тарыхый жерлер бар чөлкөм. Мына ушуларды эске алуу менен кабыл алынган чечим болду», — деп айтты.

Белгилей кетсек, 6-ноябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммити өтөт.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин — Түркия Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18