00:10, 05 ноября 2024, 24.kg

Режеп Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапары: түрк лидерин кандай тосушту?

Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган Бишкекке мамлекеттик сапар менен келди. Аны “Манас” аба майданында  президент Садыр Жапаров тосуп алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Ардактуу конокторду тосуп алуу үчүн флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, ардактуу кароол тизилди.

 

Режеп Тайып Эрдоганды улуттук кийимчен кыздар тосуп алып, гүл, боорсок, бал тартуулашты.

Президенттер жана алардын жубайлары кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз өнөрпоздорунун катышуусундагы кыска  концерттик программаны көрүштү.

Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири  талкуулашат.

 Сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18