18:14, 04 ноября 2024, 24.kg

Камчыбек Ташиев көп балалуу энелерге 2 млн сомго чейин төлөп берүүнү сунуштады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев деңиз деңгээлинен миң метр бийиктикте жашаган көп балалуу энелерге 100 миң сомдон 2 миллион сомго чейин төлөп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Нарын шаарындагы бала бакчанын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Атайын кызматтардын башчысы белгилегендей, улуттук коопсуздук калктын санына түздөн-түз көз каранды. Буга байланыштуу бийлик энелик капиталды киргизүүнү пландаштырууда.

«Кыздар, келиндер көп төрөш керек. Эки балага токтоонун кереги жок. Ошондо Кыргызстан өнүгөт. Кээ бирөөлөр муну тамаша катары кабыл алышат. Бирок бул абдан олуттуу маселе. Эгерде мамлекеттин калкы көп болсо, анда анын коопсуздугу жогору болот. Өлкөдө азыр жаш кыргызстандыктар үчүн шарт түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бала бакчаларды, мектептерди курабыз», — деди Камчыбек Ташиев.

Ошентип, президент менен кеңешип, төртүнчү балага 100 миң сом берүү чечими кабыл алынган. Бешинчиге — 600 миң, жетинчиге — 1 миллион, сегизинчи жана тогузунчуга — 1,5 миллион, онунчуга — 2 миллион.

Камчыбек Ташиев алтынчы балага канча төлөшөрүн айткан жок. Ал Кыргыз Республикасынын калкынын санын 20 миллионго жеткирүү керектигин баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18