16:57, 04 ноября 2024, 24.kg

Транспорт министрлиги Зардалыга жол курууга кайрадан сынак жарыялады

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол башкармалыгы узундугу 4,2 чакырымды түзгөн Кызыл-Таш — Зардалы жолунун курулушуна кайрадан тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Лоттун суммасы өзгөргөн жок — жол курууга 389,2 млн сом сарптоо пландалууда.

Акыркы сынак жараксыз деп табылып, ага катышуу үчүн «Жалалабат СМУ ТТ» жабык акционердик коому гана арыз берген.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Зардалы айылына барып, алыскы айылга жолдун курулушу 2025-жылдын жаз айларында башталып, андан соң конушту электр энергиясы менен камсыздоо иштери жүргүзүлөрүн айткан.

Белгилей кетсек, Зардалы аймагы айыл статусун 2016-жылы алган. Ага бир гана таштак жол менен жетүүгө болот, ал май айынан баштап гана жеткиликтүү болот. Кыштын келиши менен тургундар сырткы дүйнө менен байланышсыз калышат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18