16:19, 04 ноября 2024, 24.kg

Бишкекте Алыкул Осмоновдун үй-музейи капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Бишкектеги Алыкул Осмоновдун үй-музейи толук оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Министрдин биринчи орун басары объектини оңдоп-түзөө иштерине салым кошкон Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкуловага ыраазычылык билдирди.

Учурда үй-музейде эки миңден ашык экспонат, анын ичинен акындын жеке буюмдары, кол жазмалары жана колдонгон буюм-тайымдары да бар.

Эске салсак, буга чейин музей кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов өмүрүнүн акырына чейин жашап өткөн Бишкек шаарындагы үй- музейинде акыркы жолу 2000-жылы ремонт иштери жасалган. Кийинки жылдары бөлмөлөр кышкысын жылытылбагандыктан, шыбынан суу кирип, ным тарткан дубал кээ бир баалуу документтерге, сүрөттөргө, буюмдарга да зыянын тийгизе баштаган.

Аталган үй 1941-жылы курулган. Акын бул үйдү 1948-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган. Оорусуна байланыштуу көпкө жашай албай, акыркы сапарга ушул үйдө узаган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18