15:18, 04 ноября 2024, 24.kg

Жапаров жыл аягына чейин ИДП киши башына 2500 долларды түзөт деп убада кылды

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ИДП жан башына 2500 доллардын тегерегинде болору күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү» темасына арналган жыл сайын өтүүчү Улуттук форумда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында Кыргызстанды жаңы бийиктиктерге көтөрө турган бирден-бир байлык, бирден-бир потенциал бул көп улуттуу элибизге мүнөздүү адамдык капитал болуп саналат

Photo 351841

«Президент өкмөттүн алдына эң маанилүү милдетти — жарандарыбыздын потенциалын ачуу, сапаттуу билим алуу жана жаңы кесиптерди өздөштүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ден соолукту чыңдоо, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, жумуш орундарын көбөйтүү жана ар кандай демилгелерди колдоону так койду. Биз билимге, саламаттыкты сактоого, социалдык камсыздоого жумшалган инвестиция эртеңки күчтүү жана гүлдөп өнүккөн мамлекеттин пайдубалын түзгөн эң натыйжалуу инвестиция деп эсептейбиз. Бүгүнкү форум мамлекеттик органдарды, жеке секторду, жарандык коомду жана эл аралык өнөктөштөрдү биз туруктуулук жана тынчтык шарттарында ар бир адамга барктуу жашоого, окууга жана иштөөгө мүмкүнчүлүк бере турган Кыргызстанды кантип кура алаарыбыз тууралуу диалогго чакыруу болуп саналат», — деди ал.

Акылбек Жапаров учурдагы экономикалык саясат өлкөнүн позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк бергенин белгиледи: өткөн жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл бул көрсөткүч 1,5 триллион сомго жетиши күтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18