13:38, 04 ноября 2024, 24.kg

Мурдагы аткаминер Алмамбет Салиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Президент Сооронбай Жээнбековдун аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Photo 351808

Соттун чечимине ылайык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган экс-чиновник 2025-жылдын 4-январына чейин камакта болот.

Эске сала кетсек, Алмамбет Салиев 26-сентябрда УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына камалган.

Белгилей кетсек, УКМК аны мурда кармаган.

2021-жылдын жай айларында ведомствонун басма сөз борбору президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин мыйзамсыз баюу фактылары аныкталганын билдирген.

«Алмамбет Салиев бир кезде мамлекет башчынын аппарат жетекчисинин орун басары болуп турганда, ошондой эле экс-президенттин камкордугунан пайдаланып, сот системасынын, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдардын ишине кийгилишип, мамлекеттик кызыкчылыкка зыян келтирип, жеке структуралардын кызыкчылыктарын калкалаганы аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Андан соң ал да УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Декабрь айында кылмыш-жаза мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу үй камагына чыгарылган. Сооронбай Жээнбековдун убагындагы чиновник ошондо күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18