13:21, 04 ноября 2024, 24.kg

ТМУ саммити. Борбордогу ЖОЖ жана колледж студенттери онлайн окутууга өткөрүлөт

Түрк мамлекеттер уюмунун Бишкекте өтүүчү XI саммитине байланыштуу борбор калаада жайгашкан жогорку окуу жайларында, орто жана кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринде окуу процесси 5-6-ноябрь күндөрү онлайн форматка өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Буга чейин Бишкек шаарында жайгашкан министрликтердин, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын көпчүлүк кызматкерлери 5-6-ноябрь күндөрү онлайн режиминде иштей турганы белгилүү болгон.

Эске сала кетсек, 6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттери уюмунун кезектеги XI саммити «Түрк дүйнөсүн бекемдөө: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» деген темада өтөт. Анын ишине уюмга мүчө беш мамлекеттин: Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле ТМУнун байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18