12:48, 04 ноября 2024, 24.kg

ТМУ саммити учурунда Бишкекте скутер жана жүк ташуучу унааларга тыюу салынат

Бишкекте өтүүчү ТМУ саммити учурунда электроскутер, мотороллер жана оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту 4 миңден ашык укук коргоо кызматкерлери камсыздайт.

«Борбордун периметри боюнча посттор коюлат, анда жол инспекторлору жана кылмыш иликтөө кызматкерлери кызмат өтөшөт», — деп кошумчалады чиновник.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын башкы башкармалыгынын башчысы Бахрам Саитходжаев 4, 5 жана 6-ноябрда төмөнкү аймактарда автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилерин белгиледи.

«Манас» эл аралык аэропортунан Бишкектин чек арасына чейин;

Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чек арасынан Чүй проспектисине чейин;

Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

Манас проспектиси, андан ары Чыңгыз Айтматов проспектиси түштүк багыт боюнча Ала-Арча резиденциясына чейин;

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин.

Эске сала кетсек, 6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттери уюмунун кезектеги XI саммити «Түрк дүйнөсүн бекемдөө: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» деген темада өтөт. Анын ишине уюмга мүчө беш мамлекеттин: Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле ТМУнун байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18